Линктер

шаршемби, 29-март, 2017 Бишкек убактысы 23:13

Ирактагы кош жардыруудан алты киши мерт болду


Багдаддын түндүгүндөгү Хурмату шаарында бүгүн мал базарда болгон жардырууларда дагы 25 киши жаракат алган. Ирактагы козголоңчу топтор мүмкүн көбүнчө эл көп топтолгон жайларга - базар, кафе, мечит жана башка жерлерге – чабуул коюп жүрүшөт.

Кечээ болсо Багдадда жана анын түштүгүндө шийи зыяратчыларына болгон чабуулдан 36 адам набыт болгон эле.

Быйыл жыл башынан бери өлкөдөгү түрдүү чабуулдарда өлгөндөрдүн саны 5500дөн ашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG