Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:12

Ак-Сай: жолду ачуу боюнча облус жетекчилери сүйлөштү


Баткен облусунун жетекчиси Жеңиш Разаков менен Тажикстандын Согди облусунун төрагасы телефон аркылуу Ак-Сайдагы маселени талкуулашты.

Учурда вице-премьер-министр Токон Мамытов жана өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков аксайлык тургундар менен сүйлөшүүлөрдү улантып жатат. Тажикстан тараптын расмийлери да өз жарандарынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Жол бүгүн ачылат деп күтүлүүдө.

Жергиликтүү тургундар Ак-Сай-Тамдык-Көк-Таш жолунун курулушун тезирээк баштоону талап кылып, ага чейин Ворухка кетчү жолду ачпай тургандыгын 19-декабрда Токон Мамытов менен жолугушкан учурда айткан болчу.

Жолду эки күндөн бери кош тараптан – кыргызстандык жана тажикстандык жарандар бууп турушат.

Ак-Сайда коңшулаш Тажикстандын жарандары менен чыр 17-декабрдын түнү аксайлык тургундун чайханасы өрттөлгөндөн кийин башталган. Айыл тургундары чайханага тажик жарандары от койду деп шектенип, Ворухка кирчү жолго шагыл төгүп, жаап салышкан.

Мамлекеттик Чек ара кызматынан билдиришкендей, учурда аймакта абал туруктуу. (JsA\SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG