Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:43

Кийинки аптада Бишкекте кыргыз-тажик сүйлөшүүсү башталат


23-декабрда Бишкекте чек арадагы талаштуу жерлерди аныктоо боюнча кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү башталат. Бул тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматына Согди облус губернаторунун биринчи орун басары Жумабой Сангинов билдирди.

Буга чейин белгилүү болгондой, эки өлкө чек араны тактоодо кайсы жылдагы карта менен иш жүргүзүү боюнча тил табыша албаганы маселени татаалдаштырган. Жалпы узундугу 971 чакырымга барабар кыргыз-тажик чек арасынын 471 чакырымы талаштуу деп эсептелет. Негизинен Тажикстан менен Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондору чектешип, талаштуу жерлер ушул аймакта арбын.

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча басаңдап калган сүйлөшүүлөр 2012-жылы кайрадан жанданган.

XS
SM
MD
LG