Бүгүн Орусияда президент Владимир Путиндин кечирими менен түрмөдөн чыгарылган ишкер Михаил Ходорковскийдин жакын өнөктөшү Платон Лебедев ырайым сурап, президентке кайрылбайт. Бул тууралуу анын адвокаты билдирди.
Лебедев да коррупция үчүн айыпталып камалган. Адвокат Алексей Мирошниченко түрмөдө аны менен жолугушкандан кийин, Ходорковскийдин эркиндикке чыкканына Лебедев “кубанып турганын” билдирди. Бирок өзү дагы президенттен ушундай жардыкка кол коюуну суранбай турганын кошумчалады.
57 жаштагы Платон Лебедев ЮКОСтун акцияларынын негизги бөлүгүнө ээлик кылган “Менатеп” банкын башкарган. 2005-жылы “салык төлөөдөн качкан” деп айыпталган ишкер тогуз жылга түрмөгө кесилген. Анын жаза мөөнөтү 2014-жылдын май айында аякташы керек.