Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:06

Ходорковский: Мага күнөөнү моюнга алуу шарты коюлган жок


М.Ходорковскийди Берлин аэропортунда Германиянын мурдагы тышкы иштер министри Ганс Дитрих Геншер тосуп алды, 20-декабрь, 2013
М.Ходорковскийди Берлин аэропортунда Германиянын мурдагы тышкы иштер министри Ганс Дитрих Геншер тосуп алды, 20-декабрь, 2013
Бүгүн Орусияда президент Владимир Путиндин ырайымы менен түрмөдөн чыгарылган ишкер Михаил Ходорковский Берлинге бараары менен алгачкы билдирүүсүн жасады.

Өзүнүн түрмөдөн бошотулушун ал үй-бүлөлүк шарты менен байланыштырды.
“12-ноябрда мен президентке үй-бүлөлүк шартымды эске алып, (Путин бул тууралуу айтканда, Ходорковскийдин апасы ооруп жатканын айткан - ред.), ырайым кылышын сурангам. Мага тагылган айыпты моюнга алуу тууралуу суроо коюлган жок”, - деп айтылат М.Ходорковскийдин бүгүнкү билдирүүсүндө.

“Мен өзүмдүн жакындарымды кучактап, досторум, кесиптештерим менен көрүшөөр учурду чыдамсыздык менен күтүп жатам”, - дейт ал.

XS
SM
MD
LG