Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:45

Бишкекте тез жардам унаасы кырсыкка кабылды


Өткөн түнү Бишкектин Элебесов жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде жеке оорукананын тез жардам унаасы “Тойота” үлгүсүндөгү жеңил унаа менен кагылышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кырсыктан тез жардам унаасындагы дарыгери жана жүргүнчү жаракат алып, ооруканага жаткырылды. Ал эми кырсыкка себепкер делген жеңил унаанын айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткен. Учурда бул боюнча тиешелүү маалыматтар топтолуп, качып кеткен айдоочу изделүүдө. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG