Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:47

Адамга оорулардын көбү малдан жугууда


Акыркы он жылдын ичинде адамзатында аныкталган илдеттердин 70 проценти малдан жана эт, сүт азыктарынан жугууда.

Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун «Дүйнөлүк мал чарбачылык-2013» аттуу докладында маалымдалды. Билдирменин авторлору дүйнө коомчулугун малды туура багууга чакырды.

Калктын саны артып, малчылык да кошо өнүккөнү менен үй жандыктарынын жапайы айбанаттардан жуктурган жугуштуу илдеттери да көбөйүп барат. Айрыкча мал көбөйгөн сайын мурда жапайы айбанаттар жайыт кылган жерлерди адамдар ээлеп, алар калтырган коркунучтуу калдыктар үй жандыктарына илешип, кишилерде улам жаңы оорунун түрүн пайда кылууда.

БУУ адистери мал менен кишинин саламаттыгын бөлүп карабастан, “бирдиктүү ден соолук” системасын киргизип, ветеринар, социолог, экономист жана доктурларды бул маселени биргелешип чечүүгө чакырышты.

Азыркы тапта саламаттыкты сактоодогу эң эле алсыз тармак – малдын ден соолугуна кам көрүү болууда дешет эксперттер. (BCh)

XS
SM
MD
LG