Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:29

Мыйзамсыз паспорт даярдоо боюнча кылмыш иш козголду


Мамлекеттик каттоо кызматында чет өлкөлүктөргө мыйзамсыз паспортторду даярдоо фактысы боюнча кылмыш иш козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган органдын кызматкерлери чет өлкөлүк жарандарга мыйзамсыз паспортту даярдап, сатып жүрүшкөн. Учурда мындай паспорттор үч адамга берилгени аныкталды.

Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “кызматтык жасалмачылык” беренелери боюнча кылмыш иш козголуп, тергелип жатат. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG