Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:51

Ходорковский эртең Берлинде маалымат жыйынын өткөрөт


Бул тууралуу Михаил Ходорковскийдин басма сөз өкүлүнө шилтеме жасап немис агенттиктери кабарлады. Бүгүн ал немис борборунда ата-энеси менен кездешкени жатат.

Мурдагы “ЮКОС” компаниясынын ээси, мурдагы мунай олигархы, Кремлдин белгилүү сынчысы Михаил Ходорковский абактан мөөнөтүнөн мурда кечээ чыккан. Президент Путиндин жардыгында ырайым ага “гуманитардык жүйөдөн” улам берилгени айтылат.

Ходорковский 2003-жылы камалган. Ошол кездеги өкмөт башчы Михаил Касьянов анын бошотулушун бүгүн мындайча чечмеледи:

- Батыш коомдук пикири үчүн чоң окуя. Путиндик Орусияга карата Батыштын цивилизациялуу коомчулугунун абдан эле терс пикирин Олимпиада алдында бир аз болсо да оңдоо максатын көздөйт.

Касьянов Ходорковскийдин дароо эле Германияга кетиши анын бошотулуусу алдында коюлган шарт болушу ыктымал экенин кошумчалады.

АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Ходорковскийдин абактан чыгарылышын кубаттады. Керринин билдирүүсүндө Вашингтон сот процессиндеги мыйзам бузуулар, Орусиядагы тандалма куугунтук, мунун ичинде Михаил Ходорковский менен анын ишкер өнөктөшү Платон Лебедевдин иши боюнча утур-утур тынчсыздануу билдирип келгендиги көрсөтүлгөн. Билдирүүдө ошондой эле Вашингтон Москвага сот реформасын жүргүзүүнү көшөрө сунуш кылары белгиленет.

Кечээ Берлинге келген Ходорковский өз билдирүүсүндө орус президентинен үй-бүлөлүк себептерден улам ырайым сураганын ырастап, күнөөнү моюнга алуу жөнүндө сөз жүрбөгөнүн айткан.

50 жаштагы Ходорковский салыктан качкан, мамлекет мүлкүн уурдаган деген айыптар менен эки ирет соттолгон. Анын жаза мөөнөтү келерки жылдын августунда аяктамак. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG