Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:50

Кар көчкү аткылап түшүрүлөт


Бишкек-Ош унаа жолунда бүгүн кар көчкүлөрүн атайын аткылап түшүрүү иштери башталат. Буга байланыштуу жол убактылуу жабылат. Кар көчкүлөрдү аткылап түшүрүү боюнча өкмөт башчынын атайын буйругу чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов “Азаттыкка” билдиргендей, аткылоо жана тазалоо иштери канча күнгө созулаары азырынча анык эмес.

Буга чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорундагы жолдордо кар көчкү коркунучу бар экени кабарланган. Кооптуу аймактарга Бишкек - Ош, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Каракол - Эңилчек, Ала-Бука – Каныш-Кыя жолдору кирет. (SE)

XS
SM
MD
LG