Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:51

Соцкызматкер менен студент “хизбутчу” деп шектелип кармалышты


21-декабрда Бишкек шаарынын 7-кичи районунан "хизб-ут тахрир" уюмунун мүчөсү деген шек менен жалпысынан беш киши автоунаа менен кармалды. Алардан автоунаанын айдоочусу Медициналык академиянын 4-курсунун студенти, экинчиси Социалдык фонддун кызматкери болуп чыккан. Калган үч жүргүнчү Нарын жана Жалал-Абад облустарынын тургундары экени такталган. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы маалымдады.

Маалыматка караганда текшергенде автоунаадан экстремисттик китептер, баракчалар, ал эми соцкызматкерден флеш карталар, тыюу салыган баракчалар табылган. Тергөө иштери уланып, кармалгандар сурак берип жатышат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG