Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:07

Аба ырайы: чукул эскертүү


Жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу 23-декабрга чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Каракол - Эңилчек, Ала-Бука – Каныш-Кыя жолдорунда кар көчкүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги автоунаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы керектигин эскертет.

Синоптиктердин билдиришинче, 23-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарында айрым жерлерде кар жаайт. Күндүз өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, түндүк тарабында -4...+1,
Талас жергесинде түнкүсүн -13…-18, күндүз 0…-5,
Баткен облусунда -7…-12, күндүз -4…+1,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -7...-12, чыгыш тарабында -9...-14, күндүз 0...-5,
Нарында түнкүсүн -19…-24, күндүз -10…-15,
Тоолордо түнкүсүн -26…-31, күндүз -13…-18 градус суук болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түнкүсүн -10…-12, күндүз 0...-2 градус болот.

XS
SM
MD
LG