Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:19

Ходорковский ЮКОСтун активдерин талашпайт


Ходорковский ата-энеси менен кездешкен учур. Берлин, 21-декабрь, 2013-жыл.

Ходорковский ата-энеси менен кездешкен учур. Берлин, 21-декабрь, 2013-жыл.

Абактан чыккан мурдагы мунай олигархы бул тууралуу бүгүн орусиялык “New Times” гезитинде жарыяланган маегинде билдирген.

Михаил Ходорковскийдин айтымында, абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу үчүн кандайдыр бир шарт коюлган эмес. Бирок ал орус президенти Владимир Путинге жазган катында “саясатка аралашуу жана активдерин кайтаруу үчүн күрөшүү ниети жоктугун” белгилеген.

Абактан мурдагы күнү чыккан Ходорковский кечээ Берлин шаарында өзүнүн үй-бүлөсү менен кездешти. Бүгүн ал Бишкек убактысы боюнча кечки саат 6да маалымат жыйынын өткөргөнү жатат.

50 жаштагы Ходорковский салыктан качкан, мамлекет мүлкүн уурдаган деген доолор менен эки ирет соттолгон. Жактоочулары анын соттолушунун саясий жүйөсү бар болгонун айтып келишкен. Ходорковскийдин жаза мөөнөтү келерки жылдын августунда аяктамак. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG