Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:13

Иран: Өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөр жай жүрүүдө


Тегеран менен дүйнө державалары ортосунда жетишилген макулдашуунун шарттарын аткаруу боюнча техникалык сүйлөшүүлөр абдан жай жүрүп жатканын Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Аббас Аракчи билдирди.

Сүйлөшүүлөр Женевада бүгүн да улантылары күтүлүүдө.

Быйыл 24-ноябрда жарыяланган утурумдук макулдашууга ылайык, Иран алты айлык мөөнөткө өзөктүк программасынын бир бөлүгүн токтотот. Мунун ордуна Батыш буга чейин киргизилген санкцияларды жарым-жартылай жеңилдетмек. Азырынча расмий баштала элек алты айлык мөөнөт ичинде Иран жана дүйнө державалары он жылдан бери уланып келаткан талашты токтоткудай узак мөөнөттүү келишим иштеп чыгуусу керек.

Батыш өлкөлөрү Иран өзөктүк программасына жамынып алып, өзөктүк курал жасайт деп шек санайт, Тегеран болсо мындай ырастоолорду четке кагат. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG