Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:33

Бүгүн Кумтөр келишими боюнча өкмөткө берилген мөөнөт аяктайт


Теңир-Тоо койнундагы Кумтөр кени. Ысык-Көл облусу, Кыргызстан. 31.05.2011.
Теңир-Тоо койнундагы Кумтөр кени. Ысык-Көл облусу, Кыргызстан. 31.05.2011.
«Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Туратбек Мадылбековдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, Кумтөр алтын кенинин келишимине байланыштуу маселени Жогорку Кеңештин комитети ушул аптадагы отурумда карап, кен иштетүү келишими боюнча жаңы сунуш жаңы жылдан кийин жалпы отурумга чыгарылышы ыктымал.

Буга чейин Кумтөр алтын кенин иштетүүдө Кыргызстан менен канадалык компаниянын теңме-тең - 50/50% - үлүштө болоору тууралуу меморандумдун долбоорун Кыргыз өкмөтү парламентке сунуштап, ал депутаттардын, айрыкча “Ата Мекен” фракциясынын катуу каршылыгына кабылган.

Натыйжада Жогорку Кеңеш Кумтөр тууралуу жаңы келишимде Кыргызстандын үлүшү 67% кем болбосун деген талап менен өкмөткө жаңы келишимди түзүү үчүн 23-декабрга чейин мөөнөт берген. “Ата Мекен” фракциясы эгерде өкмөт 67% Кыргызстан үчүн камсыз кыла албаса, анда ал кызматтан кетиши керек деп билдирген болчу.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 67% деген тапшырманы аткаруу мүмкүн эместигин белгилеп, бир жарым айдан бери жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдө Кыргызстандын үлүшүн 67% жеткирүүгө эч кандай жылыш болбогонун, өкмөт 50-50 пайызды жакшыртуу, каржылык агымдарды Кыргызстанга көбүрөөк буруу, көзөмөлгө алуу үстүндө иштеп жатканын жакында “Азаттыкка” курган маегинде билдирген. Эки ыңкылапка чейинки Кыргызстандын расмий бийликтери Кумтөр кенин иштетүүдөгү келишим тууралуу канадалык компания менен жең ичинен соодалашып, Кыргызстандын үлүшүн негизсиз азайтып жибергендиги тууралуу сындар айтылып келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG