Ушуну менен бешинчи жолку жекшембиде Евробиримдиктин он миңдеген тарапкерлери Киевдеги Майданда чогулду. Оппозициялык "Сокку" кыймылынын башчысы, боксчу Виталий Кличко демонстранттарга: “Бизде реформанын планы бар: ал – мөөнөтүнөн мурда президенттик жана парламенттик шайлоо өткөрүү”, - деп айтты.
Киевдин Көз карандысыздык аянтында уюштуруучулар "Элдик жыйын" - «Народное вече» деп атаган жыйын 21-ноябрда евроинтеграциянын жактоочулары нааразылык акцияларын баштагандан бери бешинчи ирет өттү.
Европа Биримдигине кошулууну жактоочулар украин өкмөтүнүн Евробиримдик менен Ассоциация келишимин түзүүнү токтотуу чечимине нааразылык билдиришүүдө. Алар Микола Азаровдун өкмөтүнүн кызматтан кетишин жана президенттик, парламенттик шайлоолордун мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүшүн талап кылышууда.