Линктер

шейшемби, 28-март, 2017 Бишкек убактысы 10:51

Обама Түштүк Судан боюнча Конгресске кайрылды


АКШ президенти Конгресске катында бийлик Түштүк Судандагы америкалык жарандарды коргоо үчүн аскердик аракеттерди көрөрүн эскертти. Маалыматка ылайык, америкалыктарды Түштүк Судандан эвакуациялоо жана Жубадагы АКШ элчилигин кайтаруу үчүн атайын аскерлер бөлүнгөн. Мамлекеттик департамент өлкөдөн 680 америкалык жана башка өлкөлөрдүн жарандары эвакуацияланганын билдирүүдө.

Эки жыл мурда көз карандысыздык алган Түштүк Суданда акыркы кездери бийлик талаштан улам этникалык негиздеги чатак тутанды. Өкмөткө каршы чыгып жаткан козголоңчулардын башында өлкөнүн мурдагы вице-президенти турат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG