Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:27

Консерваторияга арналган бий концерти өтөт


Бүгүн Кыргыз улуттук консерваториясынын 20 жылдыгына арналып бий концерти өтөт. Бул тууралуу консерваториядан кабарлашты. Кыргыздын улуттук бийлери, дүйнө элдеринин бийлери менен классикалык жана заманбап жанрдагы бийлер көрүүчүлөрдүн назарына сунушталат. Консерваториянын чоң залында өтө турган концертке хореография кафедрасынын студенттери жана мурда окуп кеткен бүтүрүүчүлөр катышат. Улуттук консерватория 1993-жылдын июл айында президенттин жарлыгы менен түзүлгөн. Курамында 4 факультет, 13 кафедра бар. Быйыл ага улуу композитор жана педагог Калый Молдобасановдун ысымы ыйгарылды.(RK)

XS
SM
MD
LG