Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Салык төлөбөгөн чет элдик ишкерлер өлкөдөн чыгарылышы мүмкүн


Кыргызстандын Салык кызматы 271 чет элдик ишкерди өлкөдөн чыгаруу сунушун ИИМге жана Эмгек, миграция жана жаштар министрликтерине берди. Анткени алар чет элдиктерге жумуш берген квотанын эсебинен иштөө уруксатын алып, бирок патент алган эмес. Натыйжада өлкө бюджетине салык түшкөн эмес. 271 чет элдик ишкердин 95 пайызы кытай жарандары. Алардын уруксат кагазын алып, бирок салык төлөбөй жүргөнү Дордой, Кара-Суу сыяктуу ири базарларды текшергенде аныкталган. Эгер аларга карата сот чечими чыга турган болсо, өлкө аймагынан чыгарылышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Салык кызматынан кабарлашты. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG