Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:58

"Пусси Райоттун" мүчөсү Алехина эркиндикке чыкты


Орусияда “Пусси Райот” панк тобунун мүчөсү Мария Алехина мунапыска ылайык абактан чыкты. “Дождь” телеканалына курган маегинде ал “мүмкүнчүлүгүм болсо мунапыстан баш тартмакмын” деп, аны президенттин гумандык акты эмес, “маскаралоо” катары сыпаттады.

Алехина жана топтун дагы бир ырчысы Надежда Толоконникова Мамлекеттик Дума өткөн аптада жактырган мунапыска илинген. Алар Москванын Кафедралдык чиркөөсүндө Путинге каршы ыр аткарышканы үчүн өткөн жылы 2 жылга эркинен ажыратылган. Толоконникова түрмөдөн жакынкы күндөрү чыгышы керек.

XS
SM
MD
LG