Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:15

Улуттук банк: Насыянын үстөгү төмөндөйт


Кыргызстанда коммерциялык банктар берген насыялардын үстөк пайызын төмөндөтүү каралууда. Бул тууралуу бүгүн Улуттук банктан кабарлашты. Учурда улуттук валюта менен берилген насыялардын үстөгү 21,59%. 2014-2017-жылдарга карата аныкталган иш багыттарынын алкагында банк рыногунда атаандаштык түзүп, үстөктөрдү азайтуу каралып жатат. Бирок, канча процент азайаары азырынча белгисиз. Кыргызстанда 20дан ашык коммерциялык банк бар. Алар Улуттук банктын көзөмөлүндө. Коммерциялык насыялардын үстөк пайызы эң жогору деп эсептелет. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG