Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:31

Жумушчу топ: Жол кайгуул кызматкери болуш үчүн 3-5 миң доллар пара берилет


ИИМдин Жол кайгуул кызматына орношуу үчүн 3-5 миң доллар пара берилет. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Коргоо кеңешинин алдында түзүлгөн жумушчу топ тараткан маалыматта айтылат. Жумушчу топ Жол кайгуул кызматындагы коррупция боюнча келип түшкөн арыз-даттануулардын негизинде иликтөө жүргүзүп, коррупциялык схемалардын тамыр жайып калган алты түрү бар экенин аныктады. Алар негизинен ишке орношуу, башка кызматка которулуу үчүн "чоңдорго" пара берүү, айдоочулардан 100 сомдон 10 миң долларга чейин акча талап кылууга байланыштуу.

Жакында Улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматы да элден келген даттануулардын көбү күч кызматкерлерине байланыштуу болуп жатканын билдирген болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG