Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:24

Орусия Украинага насыянын биринчи бөлүгүн эртең которот


Орусия Украинанын евробонддору үчүн 3 миллиард долларды 24-декабрда которот. Орусиянын финансы министри Антон Силуанов бул жөнүндө бүгүн Москвадагы пресс-конференцияда билдирди.

Бул төлөм эки өлкө өткөн аптада жетишкен келишимдин алкагында жасалмакчы. Келишимге ылайык, Украина өкмөтү чыгарган баалуу кагаздар үчүн Киев Москвадан 15 миллиард доллар алат.

Экономиканы чөктүрбөй кармап туруу үчүн Украина 10 миллиард долларга муктаж. Насыя жана газдын баасын арзандатуу менен Орусия кошуна өлкөнү өз таасиринен чыгарбоого, Евробиримдиктен оолак кармоого аракеттенүүдө.

XS
SM
MD
LG