Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Кумтөр: Кыргыз өкмөтү үлүштү тең бөлүүгө макул


23-декабрда өкмөт Кумтөр боюнча Жогорку Кеңешке келишимдин долбоорун сунуштады. Анда үлүштөрдү 50/50 бөлүштүрүү каралган. Бийлик башчылары “Центерра Голд” менен сүйлөшүүдө Кыргызстандын үлүшүн 50% ашырууга мүмкүн болбогонун буга чейин эле билдирип келишкен.

23-декабрда өкмөт жабык жыйын өткөрүп, анда Кумтөр боюнча Жогорку Кеңешке сунуштала турган келишим долбоорун талкуулады. Анын жыйынтыгында Кумтөр долбоорунда эки тараптын үлүштөрүн 50/50 пайыздан бөлүштүрүүнү караштырган келишимди парламенттин кароосуна жиберүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов билдирди:

​- Кумтөр боюнча 50/50 деген жаңы макулдашуу парламентке жөнөтүлдү. Добуш бердик. Мен каршы болдум. Мен денонсация үчүн добуш бердим.

Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, аны менен кошо социалдык коргоо министри Кудайберген Базарбаев да каршы добуш берди. Бул эки министр “Ата Мекендин” квотасынан өкмөткө баргандар. Алардан сырткары биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев жана транспорт министри Калыкбек Султанов да “Ата Мекендин” квотасы менен дайындалган министрлер.

Буга чейинки келишим долбоорунда Кыргызстандын үлүшү 46% деп каралып, калган 4% Кыргызстан 100 млн. долларга он жылда сатып алышы керек болгон. Жаңы келишимде Кыргызстан үлүшү 50% жеткирилип, бирок жетпей жаткан 4% үлүш үчүн Кыргызстан он жылдын ичинде 100 млн. доллар төлөп берүүгө тийиш болду.

Андан сырткары 2026-жылдан кийин Кыргызстан 17% акцияны сатып алууга мүмкүнчүлүк алганын Шыкмаматов белгилеп кетти:

- 2026-жылдан кийин Кыргызстан 17% сатып алса болот. Ыңгайлуу баа менен сатып алса болот деген жери бар. Ошон үчүн биз каршы чыктык. Анан экологиялык доодон баш тартып жатабыз. 300 млн. доллар доо койбодук беле. Келишимге барсак, андан баш тартабыз.

Жогорку Кеңештин Отун энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Кожобек Рысбаевдин билдирүүсүнө караганда, келишим Жогорку Кеңешке келип түшө элек. "Келишим келгенде гана баа берүү мүмкүн",- дейт Рысбаев:

- Мунун тагдырын мен жалгыз чече албайм. Кагаз келсин. Өкмөт эмне деген сунуштары менен, кандай келишимди алып келди, эмнеге жетишти? Ошого жараша айтам. Азыр эч нерсе айта албайм. 67% жеткире албаса, салыгы менен жеткирип келеттир. Эмне болгонун көрөбүз да.

Рысбаевдин айтымында, келишимди парламент быйылкы жылы кароого үлгүрбөй калышы да мүмкүн. Ошондуктан ал келерки жылга өтүшү күтүлөт.

Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшүн 67% жеткирүү талабын катуу койгон фракциялардын бири “Ата Мекен” болгон. Бул фракциянын мүчөсү Сайдулла Нышанов келишим долбоору парламентке келип түшкөндөн кийин фракциянын позициясы такталарын билдирди.

Кыргызстандагы системдик эмес оппозициянын өкүлдөрү 50% үлүш бөлүштүрүү мурунку коррупциялык схемалардын сакталышына алып келет деген пикирин билдирип келатат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG