Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:11

Түндүк Вазиристан жашоочулары армияны айыпташууда


Пакистандын Түндүк Вазиристан чөлкөмүнүн тургундары согушкерлерге каршы операция учурунда аскерлердин колунан ондогон жайкын адам окко учканын айтышууда. Жергиликтүү жашоочулар өткөн аптада башталган рейдден 50дөн көп бейкүнөө жердештери набыт кетти деп айыпташты. Армия согушкерлер баш пааналаган аймакта коменданттык саат киргизген.

Жергиликтүү элдин айтымында, аткылоолор менен рейддер башталгандан бери бир топ адам үйлөрүнөн качууга аргасыз болду.

Ооганстан менен чек аралаш жайгашкан Түндүк Вазиристан Пакистандагы талибдер менен "ал-Каидага" жакын согушкерлердин таянычы болуп эсептелет.

18-декабрда жоочулар Мир Али районундагы аскердик текшерүү пунктун бомбалашкандан кийин куралдуу күчтөр операция башташкан. Анын алдында Исламабад өкмөтүнүн "Талибан" менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүү аракетинен майнап чыккан эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG