Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Бишкекте кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү өттү


Кыргызстан менен Тажикстан чек аралаш аймактарда жаңжалдарды алдын алуу боюнча бирге аракеттенет. Бул тууралуу "Азаттыкка" 23-декабрда эки өлкөнүн чек ара боюнча комиссияларынын Бишкектеги жыйынынан соң Кыргызстандын вице-премьер-министри Токон Мамытов кабарлады. Жолугушууда делимитация, демаркация иштерин жандантуу тууралуу сөз болду.

Кийинки жыйын 7-январда Тажикстанда өтөт.

17-декабрда Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклаванын жашоочуларынын ортосунда чыр чыгып, аксайлыктар Ворухка кетчү жолду бууп, бийликтен Тажикстандын Чорку айылын айланып өтүүчү жол куруп берүүнү талап кылышкан. Аксайлыктар менен Мамытов жолугуп, бул талап аткарыларын айткан соң гана жол ачылган.

XS
SM
MD
LG