Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Иракта телестанцияга кол салуу болду


Иракта жергиликтүү телестанцияга куралчан адамдар кол салды. Полиция бир нече жанкечтинин Тикриттеги “Салахеддин” телеканалынын имаратына кирип барганын, көп узабай жардыруулар угулганын маалымдады. Жабыркагандар тууралуу кабар түшө элек.

Күбөлөрдүн айтымында, имараттын кире беришинде дүрмөттөлгөн машина жарылды. Коопсуздук күчтөрү телестанцияны курчоого алышты. Ал имаратта ошондой эле мамлекеттик “Иракия” каналынын бөлүмү жайгашкан. Журналисттерге кол салуулар Иракта көп катталат.

XS
SM
MD
LG