Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

Кайын ата – күйөө бала кармашы уланууда


Рахат Алиев менен Нурсултан Назарбаев. Астана, 2001-жыл. (Сүрөт Рахат Алиевдин китебинен алынды)
Рахат Алиев менен Нурсултан Назарбаев. Астана, 2001-жыл. (Сүрөт Рахат Алиевдин китебинен алынды)

Казакстандын Башкы прокуратурасы оппозициялык саясатчы Алтынбек Сарсенбаевди өлтүрүүгө президент Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиев менен Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Альнур Мусаев буйрутма берген деп тапты. Жети жыл мурун болгон иш кайра иликтенет. Маркум Сарсенбаевдин туугандары муну “кайын ата менен күйөө баланын кармашы” деп баалады.

2006-жылдын 11-февралында Алматынын сыртында кар баскан талаада оппозициялык саясатчы Алтынбек Сарсенбаев менен анын жардамчылары Василий Журавлевдун жана Бауржан Байбосындын сөөктөрү табылган. Үрөй учурган бул кандуу окуяга күнөөлүү деп милициянын мурдагы подполковниги Рустам Ибрагимов баштаган тогуз киши соттолгон.

Рустам Ибрагимов саясий буйрутманын “автору” деп Сенаттын аппарат башчысы Ержан Утембаевди атаган. 2006-жылы 31-августта соттун чечими менен айыптуулар узак мөөнөткө кесилишкен. Ибрагимов болсо кылмыштын уюштуруучусу катары өлүм жазасына тартылган.

Алтынбек Сарсенбаевдин акыркы сүрөтү. Алматы, 2006-жылдын 8-февралы
Алтынбек Сарсенбаевдин акыркы сүрөтү. Алматы, 2006-жылдын 8-февралы

20-декабрда Казакстандын баш прокурорунун орун басары Андрей Кравченко киши колдуу болгон Алтынбек Сарсенбаевдин иши кайра иликтенээрин маалымат жыйында билдирди. Казакстандык из кубарлар менен иштешкен АКШнын Федералдык иликтөөлөр бюросу да Алиев буйрутма бергенин полиграфиялык далилдер аркылуу тастыктаганы белгилүү болду.

Баш прокуратуранын өкүлүнүн айтымында, “2012-жылдын 6-апрелинде абакта мөөнөтүн өтөп жаткан Ибрагимов Казакстандын Жогорку Сотуна кайрылып, жасалган кылмыштын буга чейин укук коргоо жана сот органдарына белгисиз жагдайларын билдирген. Ал өз арызында биринчи жолу иштин майда-чүйдөсүнө чейин сүрөттөп, Алтынбек Сарсенбай уулун өлтүрүүгө Ержан Утембаев эмес, Рахат Алиев менен Альнур Мусаев буйрук бергенин айткан”.



Рустам Ибрагимовдин жаңы көрсөтмөлөрү боюнча 2006-жылы ичинде кеги бар Ержан Утембаев ага Алтынбек Сарсенбаевди сабап кой деп тапшырган, бирок бул сөз Рахат Алиевге жетип, анан Альнур Мусаев экөө Сарсенбаевдин көзүн тазалоону буйруган.

Рустам Ибрагимовдон кошумча алынган көрсөтмөлөрдү Казакстандын Жогорку Сотунун тапшырмасы менен Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук комитети жана Ички иштер министрлиги биргелешип түзгөн атайын топ текшерген.

Иликтөөгө Казакстандын Башкы прокуратурасынын сунушу менен Америка Кошмо Штаттарынын Федералдык иликтөөлөр бюросу да катышкан. АКШнын Казакстандагы элчиси Жон Ордвей өткөн жума күнү Башкы прокуратуранын өкүлү менен чогуу маалымат жыйынга катышып, америкалыктар өз алдынча, көз карандысыз иликтөө жүргүзгөнүн билдирди:

- Федералдык иликтөөлөр бюросу катышкан иликтөөнүн тапканы Казакстандын Башкы прокуратурасынын жыйынтыктарына туура келет. Мен Алтынбек Сарсенбай уулу менен кезиккем жана бул иликтөө соңуна чыкканына өтө кубанычтамын. Анын жыйынтыгы киши колдуу болгон маркумдардын үй-бүлөлөрүнүн жанын жай алдырат деп үмүттөнөм.

Башкы прокуратуранын өкүлү Алтынбек Сарсенбаевди, Василий Журавлевду жана Бауржан Байбосынды өлтүрүүгө буйрук берген деп, 20 жылга эркинен ажыратылган Ержан Утембаевдин иши кайра каралаарын дагы билдирди.

Ким буйрук берген?

Алтынбек Сарсенбаевдин агасы Рысбек Сарсенбай уулу болсо “Рахат Алиев буга чейин өз пикирин билдирген. Кайын ата менен күйөө бала ортосунда кармаш жүрүп жатканын эл билет. Кайын атасы күйөө баласын айыптаса, күйөө баласы кайын атасын көрсөтөт. Алардын кимиси буйрук берген? Эгер сот иши башталса, чын эле ким буйрук бергенин табышы керек. Элдин баарынын оюнда турган ушул суроого сот жооп таба алса, мен аны колдойм”, – деди “Азаттыктын” казак кызматына инисинин ишинин кайра каралышын эбактан бери күтүп жүргөнүн айтып.

Рахат Алиев менен Альнур Мусаевге айып тагылганы жөнүндө кабар тарагандан кийин @realRakhatAliev деген ат менен Твиттерде "Алтекенин өлүмүнө мени айыптоо күлкү келтирет. Бул Назарбаевдин жандоочуларынын атайылап жалаа жабуусу" - деген жазуу пайда болду. Ага улай ошол эле жерде төмөнкү маалымат чыкты:
2009-жылы президент Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиев китеп чыгарып, анда Алтынбек Сарсенбаевди жок кылгандар жогорку бийликте отургандар деп туюк айтып кеткен. Учурда качып жүргөн Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Альнур Мусаев болсо Рахат Алиевдин колунда бул ишке өлкөнүн жогорку жетекчилеринин тиешесин айгинелеген далилдер бардыгын “Азаттыкка” айтты.

Президент Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы, азыр чет өлкөлөрдүн биринде жиксиз жүргөн Рахат Алиев менен Ак ордонун ортосундагы кармаш алты жылдан бери уланууда. Казакстанда эки жолу сот болуп, бир катар кылмыштарга айыпталган Алиев сыртынан 40 жылга кесилген. 2007-жылдан бери мурдагы кайын атасы башкарган бийликтин торуна түшпөй, из жашырып жүрөт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG