Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:08

Эрнест Абдыжапаров КТРКнын Байкоочу кеңешинен кетти


Коомдук телеканалдын Байкоочу кеңешине мүчөлүктөн баш тартканын кинорежиссер өзү билдирди. Анын айтымында, бул кадамына 19-декабрда өткөн Байкоочу кеңештин жыйыны себеп болгон. Анда кеңештин көпчүлүк мүчөлөрү КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаевдин кызматтан алынышына каршы пикирин билдирген эле. Абдыжапаров мындан ары Байкоочу кеңеште калуунун зарылчылыгы жок деп эсептейт.

19-декабрда КТРКнын Байкоочу кеңеши Коомдук каналдын башкы директору Кубат Оторбаевге ишеним көрсөтпөө боюнча маселени караган. Буга Оторбаевдин жылдык отчетунун канааттандыраарлык эмес деп табылышы негиз болгону айтылган эле. Добуш берүүнүн натыйжасында КТРКнын башкы директору кызматында дагы эки жыл иштөөгө мүмкүнчүлүк алды.

Кубат Оторбаев Коомдук телеканалдын жетекчилигине 2010-жылы 8-апрелинде киришкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG