Угууну Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитети уюштурууда. Анда Кумтөр алтын кенин иштетүүдө Кыргызстан менен “Центерра Голд” ишканасынын 50/50 пайыздык үлүшү тууралуу меморандуму, 2003-жылы кен иштетип жаткан “Камеко” ишканасынын атын “Кумтөр” кылып өзгөртүп, анда Кыргызстандын үлүшүн азайтуудагы коррупциялык схемалардын аныкталышы, документтердин жасалышы тууралуу коомчулукка кеңири маалымат берилет.
Ошондой эле парламенттин 23-октябрда кабыл алган токтомунун аткарылышы тууралуу өкмөт менен Башкы прокуратуранын маалыматы угулат.
Иш-чарага кыргыз өкмөтүнүн, жарандык коомдун өкүлдөрү жана депутаттар катышат. (ZKo)