Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:56

Бала бакча жана мектептер менчиктештирилбейт


Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык бала бакча, мектептердин имараттарын менчиктештирүүгө жана сатууга тыюу салынды. Бул тууралуу мыйзамга мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун бүгүн президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Совет учурунда ачылган бала бакчалардын көбү эгемендиктин алгачкы жылдары сатылып, жеке колго өтүп кеткен. Учурда мектепке чейинки курактагы балдардын 13 гана пайызы бала бакчага барат. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, 503 бала бакчада 64 миң бала тарбияланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG