Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жергиликтүү бийлик кызматкерлеринин волейбол боюнча мелдеши өттү. Акимдин кубогу үчүн уюштурулган мындай оюн жыл сайын өткөрүлөөрүн “Азаттыка” облустагы өкмөт өкүлүнүн маалымат катчысы Назира Муканбетова билдирди. Мелдешке 8 команда катышты. Биринчи орунду райондук мамкаттоо кызматкерлери, экинчи орунду Төрт-Гүл айыл аймагынын аппарат кызматкерлери алды. Ал эми үчүнчү орунга Тоң айыл аймагынын аппарат кызматкерлери татыды. Жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды. (MK/RK)