Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:35

Питерде кыргызстандыктардын тоюнда атышуу болду


Санкт-Петербург шаарында кыргызстандыктар той берип жаткан кафеде атышуу болду. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" "Замандаш" ассоциациясынан кабарлашты. Кечээ кечинде "Золотая долина" кафесинде кыргызстандык мигранттар үйлөнүү тоюн өткөрүп жатканда кафенин башка коноктору травматикалык тапанчадан ок чыгарып, төрт киши жабыркады. Жараат алгандардын баары үйлөнүү тоюна келген эркек жарандар. Алар азыр ооруканада. Окуянын себептери такталууда. (RK)

XS
SM
MD
LG