Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:33

Диссиденттер Каримованын Женевадагы үйүн ээлеп алышты


Өзбекстандык диссиденттердин Швейцариядагы тобу президент Ислам Каримовдун кызы Гүлнаранын үйүн ээлеп алышты. Сафар Бекжон аттуу диссиденттин айтымында, дагы төрт киши менен Гүлнаранын Женевадагы вилласын дүйшөмбүдөн бери ээлеп турушат.

“Азаттыктын” өзбек кызматына сүйлөгөн Бекжон муну менен алар ээн турган имаратка эбегейсиз акча сарпталып жатканына көңүл бурдурууну көздөшүүдө.

Швейцариянын маалымат каражаттары жазышкандай, Каримова ал турак-жайды 2009-жылы 18 миллиондой долларга сатып алган. Бекжон полиция ал үйгө келгенин, бирок аларды кууп чыкпаганын кошумчалады. Анын ырастоосунда, Швейцариянын мыйзамдарына ылайык, аларды соттун чечими менен гана чыгара алышат. Үйдүн сыртындагы баннерде “Бул вилла Өзбекстан диктатору Каримовдун кызына таандык” деген жазууну көрсө болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG