Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:01

Жалал-Абадда таксисттер нааразы болууда


Жалал-Абадда таксисттер нааразылык билдирди. Мэриянын алдына келген отуздай киши шаарда жакында кичи бус үчүн ачылган 106-каттамга каршы болуп, анын ордун өздөрүнө берүүнү же атайын жай бөлүүнү талап кылышты. Алар ар кайсы аялдамага токтоп, жүргүнчү күтүп иштеп жатканына нааразы болушту. Мэрдин орун басары Турдалы Темирбаев биринчи кезекте баардык элди тейлөөчү коомдук автоунаага көңүл бурулаарын, жеке менчик таксисттер жүргүнчүлөрдүн заказы боюнча кайсы жерде туруп иштей берсе болоорун түшүндүргөндөн кийин алар тарап кетишти.

Жалал-Абад шаар ичинде жүргүнчүлөрдү 13 автобус, 140 маршруттук бус жана 250дөн ашуун жеке менчик такси тейлейт. Азыр автоунаа жол менен аялдамаларга батпай калды. (YA)

XS
SM
MD
LG