Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:13

Белгилүү математик, маркум Тьюринг канышанын ырайымын алды


Британиянын канышасы Елизавета Экинчи белгилүү математик Алан Тьюрингге көзү өткөндөн кийин ырайым берди.

Экинчи Дүйнөлүк согуш маалында ал нацисттердин жашыруун коддорунун ачкычын табууга жардамдашкан. Бирок кийин, 1952-жылы кумсалык үчүн соттолгон.

Каныша бүгүнкү заманда окумуштуунун өкүмү дискриминация жана адилетсиздик катары сыпатталарын белгиледи.

Кумсалык Британияда 1967-жылга чейин кылмыш деп эсептелчү. Тьюринг химиялык кастрацияга өкүм кылынгандан 2 жыл өткөндөн кийин өз жанын кыйган. Анын согуш учурундагы ишмердиги тууралуу маалымат 1974-жылга чейин сыр катары сакталып келген.

Тьюрингди азыркы компьютерлерди ойлоп табуунун пионерлеринин бири деп эсептешет. Бир катар белгилүү илимпоздор анын реабилитацияланышы үчүн аракет көрүп келишти.

XS
SM
MD
LG