Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:07

"Гринпистин" активисттерине тиешелүү документтер тапшырылууда


“Гринпис” уюмунун Орусияда камалган активисттерине кылмыш иши токтотулгандыгы тууралуу документтер бериле баштады. Бул жөнүндө “Интерфакс” агенттигине экологиялык уюмдун адвокаты Андрей Сучков маалымдады.

“Гринпистин” өкүлдөрү жума аягына чейин “Арктик санрайз” кемесинин экипажынын бардык мүчөлөрү тиешелүү документтерди, чет өлкөлүк жарандар болсо чыгыш визасын алышат деп үмүттөнүшөт.

19-сентябрда 30 эколог-активист “Газпромдун” Баренц деңизиндеги платформасында мунайдын өндүрүлүшүнө каршы акция өткөрүүгө аракеттенгенде орусиялык чек арачылар тарабынан кармалган. Каракчылык, кийин бейбаштык үчүн айыпталган активисттер күрөөгө коё берилген. 18-декабрда болсо Орусия Конституциясынын 20 жылдыгына карата жарыяланган мунапыска илиништи.

XS
SM
MD
LG