Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:02

"Мусулман агайындар" террорчу уюм деп аталды


Египеттин коопсуздук кызматтары Мансурадагы полициякананын сыртандагы жардыруу болгон жерди текшеришүүдө. 24-декабрь 2013
Египеттин коопсуздук кызматтары Мансурадагы полициякананын сыртандагы жардыруу болгон жерди текшеришүүдө. 24-декабрь 2013

Египет өкмөтү “Мусулман агайындар” кыймылын “террорчу” уюм деп атады. Анын алдында Каирдин түндүгүндөгү Эл-Мансура шаарында машинеге коюлган бомбадан кеминде 14 киши өлгөнү жана 100дөн ашуун адам жарадар болгону кабарланган.

Бомба 24-декабрда полициянын штабынын жанында жарылган. Имараттын бир капшыты урап, коңшулаш жайгашкан Улуттук театрдын имараты да зыян тартканы айтылат. Премьер-министр Хазем Беблавинин өкүлү жардырууну террордук акт деп атады. “Мусулман агайындар” бомба чабуулун Египет элинин биримдигине кол салуу деп айыптады.

Египеттин утурумдук өкмөтүнүн 24-декабрда “Мусулман агайындарды” террорчул уюм деп жарыялоосу береги кыймылды өлкөнүн жаңы Конституциясы боюнча болчу референдум алдында изоляциялоону көздөгөндөй.

Сот Мухаммед Мурси июлда армия тарабынан президенттиктен оодарылып, камакка отургузулгандан кийин 85 жыл мурда түзүлгөн саясий жана социалдык кыймылга тыюу салган. Уюмдун 2 миңден ашуун мүчөсү, анын ичинде "Мусулман агайындардын" жетекчилери камакка алынган. Алар түрмөдө өздөрүнө жасалган адамгерчиликсиз мамилеге байланыштуу 23-декабрда ачкачылык жараянын башташты.

Ошол эле күнү “ал-Каида” менен байланышта экени айтылып жүргөн “Ансар Бейт ал-Макдис” тобу Египеттин коопсуздук күчтөрүн өлкөнүн дүниябий убактылуу өкмөтүнө ант бергени үчүн “каапырлар” деп эсептерин жарыя кылган. Бул топ Мурси бийликтен кулатылгандан бери армияга жана полицияга жасалган көп сандаган кол салууларга жооптуу экени айтылып келет.

Египетти 30 жылдан ашуун башкарган диктатор Хосни Мубарак 2011-жылкы элдик толкундоолордун натыйжасында бийликтен кетирилгенден кийинки биринчи эркин шайлоодо жеңген Мухаммед Мурсини президенттикке талапкерликке “Мусулман агайындар” көрсөткөн.

"Мусулман агайындардын" жактоочулары ал-Мухандесиин районундагы демонстрацияда. Каир, 20-декабрь 2013
"Мусулман агайындардын" жактоочулары ал-Мухандесиин районундагы демонстрацияда. Каир, 20-декабрь 2013
Премьер-министр Хазем Беблави “Мусулман агайындарды” террорчул уюм деп жарыялагандан бир нече саат илгери Каирден 120 чакырым түндүктөгү Эл-Мансура шаарынын полициясынын баш кеңсесинин алдында машинеге катылган бомба жарылган. Жардыруудан бери дегенде 14 адам өлүп, 100дөн ашуун адам жараат алды.

Полициякананын беш кабаттуу имаратынын бир бөлүгү кыйрап, бомбанын эпкининен коңшулаш Улуттук театр да зыян тартканы маалымдалды. Дакахалия провинциясынын губернатору Омар Шавацинин кабарчыларга айтымында, бомба чабуулунан жабыркагандардын көбү полиция кызматкерлери.

Провинциянын коопсуздук кызматынын акими Сами ал-Михи жанан анын эки жардамчысы да жарадар болгон.

Шаймаа деген аял полициякананын алдындагы бомба жарылган жерде сүйлөп, адам өлтүрүү жана зобун-зордук Кудайга жакпаган иш деп какшады:

- Өлтүрүү, имараттарды кыйратуу жана адам өмүрүнө зобундук кылуу - мунун баары Кудайга каршы иш. Таксист өлтүрүлгөнүнө бир жума боло элек. Элдин жүрөгү түшүп, эч ким жакшы уктабай калды. Биз бейпилдикти каалайбыз. Бул Кудайга каршы иш, бул исламга сыйбайт. Бул адилетсиздик.

Таксистти “Мусулман агайындар” өлтүрдү деп шектелип жатканы мурда кабарланган. "Франс пресс" агенттигинин билдиришинче, Эл-Мансура шаарындагы жардыруу 20 чакырым алыска угулган.

Бул Мансурадагы полиция башкармалыгына жасалган биринчи чабуул эмес. 24-июлда белгисиз бирөө колдо жасалган бомба жардырганда 12 киши жабыркаган.

Мурси массалык нааразылык чыгуулардан кийин президенттиктен төңкөрүлгөндөн кийинки өкмөттүк күчтөр менен кагылыштарда 1 миңден көп адам жана 100дөн ашуун полиция кызматкери өлгөн.

Египеттин жаңы Конституциясы боюнча референдум 14-15-январда өтөт. Конституция бекитилсе, 2014-жылдын ортосунда парламенттик жана президенттик шайлоо болот. Өлкөнүн 2012-жылы кабыл алынган Баш мыйзамы Мурси бийликтен кулатылгандан кийин токтотулган.

XS
SM
MD
LG