Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:20

Орусия Ооганстанды курал-жарак менен камсыз кылат


Орусиянын спикери Сергей Нарышкин шейшембиде ооган президенти Хамид Карзай менен жолугуп, аскердик-техникалык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сүйлөштү. Анда ал маңзатка каршы күрөшүүгө жардам берүүнү да убада кылды. Нарышкин Ооганстанга мурда берилген Ми-17 тик учактарына өзгөчө көңүл бөлүнгөнү тууралуу айтып, ооган аскерлерине дагы жаңы тик учак берүү мүмкүнчүлүгү бардыгын кошумчалады. Ал ошондой эле өткөн жылы орустар тараптан ооган коопсуздук күчтөрүнө автоматтык аскер техникалары жиберилгенин да белгиледи. Анын айтуусунда, Орусия Ооганстанга “маңзатка каршы күрөшүү үчүн” жергиликтүү адистерди даярдоого 500 адис жөнөтүүгө даяр.

2014-жылы Ооганстандан АКШ баштаган антитеррордук альянстын аскерлери чыгып кетет.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG