Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:09

Атамбаев: Бажы биримдигине улуттук кызыкчылык эске алынганда кошулабыз


Президент бул тууралуу 2013-жылдын 24-декабрында Москва шаарында өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги отурумунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Ал “Кыргызстан интеграциялык бирикмелерге улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен гана кошулаарын” баса белгилеп, ага байланыштуу «жол картасын» бекитүүдө кыргыз тарабынын бардык сунуштары эске алынышы керектигин эскертти.

Бажы союзунун мүчө-мамлекеттеринин президенттери Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин позициясын колдоорун билдиришти. Эксперттик топко "жол картасын" кыргыз тараптын позициясын эске алуу менен даярдоо ишин улантуу тапшырылды. Бул маалыматты президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Президент Алмазбек Атамбаев 16-декабрдагы маалымат жыйынында Кыргызстан Бажы биримдигине улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен гана кошуларын билдирген. Ага чейин экономика министри Темир Сариев Москвадагы Бажы биримдигине мүчө өлкөлөрдүн комиссиясы Кыргызстанды биримдикке кошуу тууралуу "жол картасын" Кыргызстан менен макулдашпай туруп бекиткенин “Азаттыкка” курган маегинде билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG