Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:22

Ош: Шаардык кеңеште жаңы коалиция түзүлдү


Ош шаардык кеңешинде жаңы башкаруучу коалиция түзүлдү. Ал "Акыйкат. Ынтымак" деп аталды. Буга чейинки коалиция "Улуттар биримдиги" деп аталчу. Анын катарындагы "Замандаштын" өкүлү Нурадил Жолдошов партиянын сунушунун негизинде БШКнын чечими менен мандатынан 20-декабрда ажырап калган. Жолдошовдун ордуна келген Камчыбек Мамбетов коалицияга эмес, азчылыкка киргендиктен шаар кеңештеги бөлүнүү түп-тамырынан өзгөрүп, мурдагы оппозиция коалиция болуп калды.

Шаар кеңеште 45 орун бар. Мурдагы мэр Мелис Мырзакматовдун "Улуттар биримдиги" партиясынын 21 депутаты, ЭДПКнын 1 өкүлү жана "Замандаштын" 1 депутаты буга чейин 23 болуп, башкаруучу көпчүлүктү түзүп келген. Эми башкаруучулук миссия КСДПнын 11, “Республиканын” 8, “Ата Мекендин” 1, “Адилеттүү Кыргызстандын” 2 жана "Замандаштын" 1 өкүлүнөн турган коалицияга өттү.

Бүгүнкү жыйындын башында Нурадил Жолдошовдун калышын талап кылгандар залдан чыгып кеткен. Бирок жыйын өз ишин кайра улантууда. Депутаттар жыл жыйынтыгын талкуулап жатат. Күн тартибинде 10 чакты маселе бар. (ErN/RK)

XS
SM
MD
LG