Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:30

ИИМ: Көзү ачык Мурзаев жол кырсыгынан каза тапкан


Кыргызстандыктарга "Аалам сырлары" телешоусу аркылуу таанымал көзү ачык Мурзаев авто кырсыктан каза тапкан.Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов билдирди. Анын айтымында, окуя Бишкек шаарынын четиндеги Пригородное айылына жакын “Манас” аэропортуна кеткен жолдо болгон. Мурзаевди 20-декабрда таңкы саат алтыда “Мерседес Е-320” үлгүсүндөгү машина сүзүп кеткен. "Айдоочу кармалып, учурда иликтөө жүрүүдө", - деп кошумчалады Абдраимов.

Бирок Мурзаевдин жакындары жана кесиптештери аны машина коюп кеткен дегенге ишенбей, киши колдуу болгон деп жатат. Мурзаев Коомдук биринчи каналдагы “Аалам сырлары” теледолбооруна катышып, 2-орунду алган. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG