Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:31

ӨКМ: Бир суткада өрттөн төрт адамдын өмүрү кыйылды


Соңку сутка ичинде Кыргызстанда өрт кырсыгынан төрт адамдын өмүрү кыйылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, Бишкектин тургуну, 86 жаштагы Федосия Пугачева менен 50 жаштагы уулу Сергей Пугачевдун түтүнгө ууланган сөөгү үйүнөн табылган. Көлдөгү Каракол шаарынын тургуну, 64 жаштагы Александр Алферовдун сөөгү да өрт чыккан үйүнөн табылган. Ал эми Өзгөндөгү кырсыкта мерт кеткен жарандын аты-жөнү азыр такталууда.

Кечээтен бери Кыргызстандын аймагында 16 өрт кырсыгы катталды. (RK)

XS
SM
MD
LG