Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:50

Парламент Баткен облусун реформалоо маселесин жабык кароодо


Ушу тапта Жогорку Кеңештин жыйынында Баткен облусун реформалоо боюнча комиссиянын маалыматы угулууда. Депутаттар бул маселени журналисттерсиз, жабык карап жатат.

Баткенди облус катары жоюп, Баткен жана Лейлек райондорун республикага түз каратууну, ал эми Кадамжай району менен Кызыл-Кыя шаарын Ош облусуна кошуу демилгесин ЖК депутаты Назарали Арипов көтөргөн болчу.

Өкмөттүн облустагы өкүлү Жеңиш Разаков Баткен облусунун жоюлушуна каршы экенин, мындай кадам көзөмөлдүн жоголушуна алып келээрин бүгүн "Азаттыкка" маегинде билдирди. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG