Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:33

Жалал-Абад: Июнь окуясында жабыркагандар үйдү менчикке суроодо


Жалал-Абад мэриясы 2010-жылы июнь окуясынан кийин курулган батирлерди ал калабада жабыркагандарга менчиктештирип берүүнү өтүнүп вице-премьер-министр Таирбек Сарпашевге кат жолдоду. Буга өткөн аптада жабыркагандардын мэрия алдында өткөргөн митинги себеп болду. Мэрия алардын талабын бийликке билдирүү убадасынан кийин митингчилер жаңы жылга дейре убакыт коюп таркап кетишкен. Талаптары аткарылбаса, акцияны кайра баштаарын жабырлануучулардын өкүлү Бактыгүл Алиева "Азаттыкка" бүгүн билдирди.

2010-жылы июнь окуясынан кийин өкмөт эсебинен курулган 60 батирлүү эки үйдө окуяда каза тапкандардын үй-бүлөлөрү жана жарадарлар болуп 120 үй-бүлө жашайт. Алар жумушсуз болгондуктан батирлерди менчиктештирүү талабын коюушууда. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG