Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

Исаков: Бажы биримдигине кирүү шарты мартка чейин дагы такталат


Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү шарттары боюнча сүйлөшүүлөр келерки жылдын март айына чейин дагы уланат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков билдирди.

Кыргызстан бийлиги Бажы биримдигине кирүүдө ага финансылык жардам көрсөтүлүшүн, Дордой, Кара-Суу жана Мадина базарларына жеңилдик берилишин көздөөдө. Сапар Исаковдун айтымында, булар Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүндөгү негизги маселелер. Бирок андан башка пункт-пункт менен карай турган жоболор бар. Алардын баарын келерки жылдын март айына чейин карап чыгуу өкмөттөргө тапшырылды дейт Исаков:

- Президенттер өздөрүнүн өкмөттөрүнө тиешелүү тапшырмаларды берди. Мартка чейин иштеп чыккыла, бүт пункттардын баарын карагыла, анан ошолордун баары такталгандан кийин отуруп сүйлөшөлү деген пикирге келишти.

Кечээ Москвада Евразиялык экономикалык шериктештиктин жыйыны өттү. Ага катышкан президент Алмазбек Атамбаев “Кыргызстан интеграциялык бирикмелерге улуттук кызыкчылыгын эске алуу менен гана кошулаарын” баса белгилеп, ага байланыштуу «жол картасын» бекитүүдө кыргыз тараптын баардык сунуштары эске алынышы керектигин эскертти. (AiT/RK)

XS
SM
MD
LG