Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:23

"Азаттык" дзюдо федерациясынан сыйлык алды


Бүгүн Кыргызстандын дзюдо федерациясы жылдын жыйынтыгын чыгарып, мыкты спортчуларды, машыктыруучуларды жана калыстарды аныктады. Мыкты спортчулардын катарында Адилет Ботоканов, Ислам Баялинов, Азат Кубакаев, Лондон олимпиадасынын катышуучулары Чыңгыз Мамедов, Юрий Краковецкий, Эрмек Сариев, Азамат Бектурсунов, Алибек Чороев жана башкалар бар. Кыз-келиндерден Күмүшай Соскеева, Асел Мусабекова, Нагира Сарбашева жана башкалар мыкты аталды.

Дзюдо спортун мыкты чагылдырган массалык маалымат каражаттарынын катарында «Азаттык» радиосунун жамаатына да эстелик алтын медалы менен ыраазылык каты ыйгарылды.

Эң башкы сыйлык катары Азия чемпионатынын күмүш байге ээси Юрий Краковецкийге BMW үлгүсүндөгү унаанын ачкычы тапшырылды. (KMa)

XS
SM
MD
LG