Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:33

Рим папасы Франциск Рождестводогу алгачкы кутпасын окуду


Рим папасы Ватикандагы Ыйык Петр чиркөөсүндө алгачкы Рождество мессасын окуп жаткан учуру, 24-декабрь, 2013

Рим папасы Ватикандагы Ыйык Петр чиркөөсүндө алгачкы Рождество мессасын окуп жаткан учуру, 24-декабрь, 2013

Рим папасы Франциск Ватиканда Ыйса пайгамбардын туулган күнүндөгү алгачкы кутпасын окуду. 77 жаштагы понтифик католиктерге кайрылуусунда “жүрөктү ачууга үндөдү”.

"Эгерде биз Кудайды сүйсөк, жарыкка умтулушубуз керек. Бирок эгер жүрөгүбүз жабык, оюбузду, ниетибизди куру намыс, жалганчылык жана текеберлик ээлеп алса, адамдар ортосун караңгылык каптайт", - дейт Рим папасы.

Бүгүн дүйнөдөгү христиандардын бир бөлүгү Григориан календарынын негизинде Рождество майрамын (же Ыйса пайгамбардын туулган күнүн) белгилешүүдө. Көптөгөн эл Ыйса пайгамбар төрөлгөн деп эсептелинген Вифлеем шаарына чогулушту. Шаарга келген Иерусалимдин латын патриархы Фуад Туаль быйылкы Рождествонун негизги кайрылуусу деп тынчтык, сүйүү жана боордоштук идеясын атады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG