Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:56

"Кумтөрдүн" өтүнүчүн сот канааттандырган жок


Бишкек шаарынын район аралык соту "Кумтөр оперейтинг" компаниясынын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинен кабарлашты. Аталган мекеме "Кумтөрдөн" экологияга зыян келтиргени үчүн деп компенсация талап кылып сотко кайрылган. Бирок "Кумтөр" буга каршылык билдирип, соттук териштирүүнү токтотууну өтүнгөн. Сот бул өтүнүчтү канааттандырбай койду. Соттун кийинки отуруму 20-январда болот.

Кыргызстандын экология мекемеси "Кумтөрдөн" 16 жыл үчүн 15 миллиард сом талап кылууда. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG