Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:32

Рим папасы дүйнөнү тынчтыкка үндөдү


Рим папасы Франциск кайрылуусу учурунда, 25-декабрь, 2013
Рим папасы Франциск кайрылуусу учурунда, 25-декабрь, 2013
Рим папасы Франциск бүгүн Ыйса пайгамбардын туулган күнүнө карата өзүнүн алгачкы “Шаарга жана дүйнөгө” ("Urbi et orbi") куттуктоосунда тынчтыкка үндөдү. Рим католик чиркөөсүнүн лидери катары Франциск Рождество (же Ыйса пайгамбардын туулган күнүн) алгачкы ирет белгилеп жатат. Ал салттуу кайрылуусун Сирияда, Борбор Африкада жана Түштүк Суданда тынчтык болсун деген батасы менен баштады.

Он миңдеген туристтер менен католиктер папанын сөзүн угуш үчүн Ватикандагы Ыйык Петр аянтына чогулушкан. Өткөн түнү Рим папасы Франциск Ватиканда Ыйса пайгамбардын туулган күнүндөгү алгачкы кутпасын окуп, “жүрөктү ачууга, жарыкка умтулууга" үндөгөн.

Бүгүн дүйнөдөгү христиандардын бир бөлүгү Григориан календарынын негизинде Рождество майрамын белгилешүүдө. Көптөгөн эл Ыйса пайгамбар төрөлгөн деп эсептелген Вифлеем шаарына чогулушту.

XS
SM
MD
LG